Мамлекеттик салык кызматы «Макс софти» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан «Штрих-М-ПТК», «Штрих-Лайт-ПТК», «Штрих-Мини-ФР-К Версия 01» жана «Штрих-ФР-Ф Версия 03» версиясындагы программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машинанын жаңы 4 моделин ККМдин реестрине киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Учурда реестрде ККМдин 7 модели бар, анын ичинде реестрге мурда киргизилген «Нур Телеком» ЖЧКнын 1 модели жана «Макс софт» ЖЧКын 2 модели, бул ишкерлер үчүн ККМдин апараттык жана программалык (виртуалдык) чечимдери арасында тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Аппараттык ККМдин белгиленген моделдери колдонуудагы техникалык талаптарга шайкештиги текшерүүдөн өттү, анын ичинде тизмедеги бардык кассалык операцияларды ишке ашыруу, маалыматтарды берүүнүн жаңы форматын колдонуу, байланыш жок режимде иштөө ж.б.

Бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр ККМдин реестрге киргизилген моделдери тууралуу маалымат менен салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «ККМ Онлайн» бөлүмүндөгү «Контролдук-кассалык машиналардын реестри» баракчасынан тааныша алышат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2021-жылдын 1-январынан тартып эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМ милдеттүү түрдө колдонулат.

ККМдин жаңы, анын ичинде программалык моделдерин колдонуу «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

Булак: Кабар