2020-жылдын 23-декабрына чейинки убакыт аралыгында мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 816 миллион сом түштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Тащиевдин маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө караганда, анын 2,7 миллиарды бир ай ичинде которулду. 

"Бир жылда бюджетке 2 миллиард 816 миллион сом түштү. Анын 2,7 миллиард сому 20-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин которулганы. Башкача айтканда, 116 миллион сом он айдын ичинде түшсө, бир айда 2,7 миллиард менен толукталды. Айырмасын өзүңүздө эсептеп көрүңүздөр", - деди Ташиев.