Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров тышкы карыздан кутулуу боюнча өз сунушун жолдоду.

"Эң алгач биз чет өлкөлөрдөн алган тышкы карыз үч тармакка багытталганын белгилеп кетишибиз керек. Алар: Бюджетти колдоо, транспорт, жана энергетика тармагы.

Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет. Жылдык төлөмдүн суммасы 320 миллион АКШ долларына жетип, анын 59% -71%ы Кытайдан алынган насыяларды төлөөгө кетет.

Карызды кыйынчылыктарсыз төлөө үчүн жылына 10 миллиард сомду курулуш тармагы жана мамлекеттик ишканаларга бөлүп берүү керек. Муну менен кошумча жумуш орундарын камсыздап, өлкөнүн салык базасын чыңдоого болот.

Мамлекеттик бюджеттин көлөмү 2018-жылы 2005-жылга салыштырмалуу 10 эсеге өскөн. Ошондуктан мен жогоруда айтылган сумманы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн бөлүшүбүз керек деп ойлойм", - дейт депутат.