Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, соңку курс 80,70 сом деп көрсөтүлдү, ага чейинки күнү 83,14 сом болчу.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин арзандай баштаган. Июнда 73 сомго түшүп, ноябрда кайра 85ке жеткен.

Ноябрдын экинчи жарымында Улуттук банк дээрлик күн сайын интервенция жүргүзүп, жалпысынан 75 миллионго жакын доллар саткан.

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды 80 сомдон сатып жатышат. Орус валютасы рубль 1,10 сом болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. 

Булак: Азаттык