Кыргызстанда доллардын баасы арзандады. Бүгүн, 17-декабрда саат 12:40ка карата доллар 80,6 сомго (сатып алуу) жана 81 сомго (сатуу) бааланып жатат.

Эртең менен саат 08:45ке карата доллар 81,7-82,2 сомго (сатып алуу) жана 82,2-82,6 сомго (сатуу) бааланып жаткан. Тактап айтканда, 3 саат аралыгында 1,1-1,6 сомго (сатып алуу) жана 1,2-1,5 сомго (сатуу) арзандады.

Ошондой эле бул аралыкта евро 0,8-1,8 сомго (сатып алуу жана сатуу) арзандады. Эртең менен 1 евро 99-100 сомго (сатып алуу) жана 100,5-101,5 сомго (сатуу) бааланып жаткан.

Булак: Баракелде