Өлкөбүздүн бюджетин толтурууда салыктык жыйнамдар боюнча пландардын аткарылуусу чоң мааниге ээ. Же башкача айтканда, бюджеттин кирешелери салыктардын жыйналуусуна түздөн түз көз каранды.

Бажы кызматы ушул жылдын башынан бери биринчи жолу бажылык жыйнамдар боюнча планды аткарды. Бул өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Анда айтылгандай, бажы жыйнамдарынын кѳлѳмү ноябрда сентябрь айына караганда 13,7 %га өскөн, ал эми кээ бир көрсөткүчтөр боюнча өсүш 30 %га жеткен.

Эгерде жылдан жылга салыктык жыйнамдар боюнча план көп коюлуп келсе, келерки жылга план 4 млрд. сомго аз белгиленгендиги маалым болду. Буга жакынкы убакытта импорттун көлөмүн 2019-жылдын деңгээлине жеткирүү мүмкүн эместиги себеп болгон.

Булак: «Майдан. kg» гезити