Тилекке каршы, бул риторикалык суроого айланды. Кыргызстандын өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган аракеттери күткөндөй натыйжасын бербей , жыйынтыгында инвестициялык саясатты жүргүзүү ойдогудай болбой жатат.
Россия Илимдер Академиясынын профессору, экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян Кыргызстандын инвестициялык имиджи боюнча көйгөйлөргө токтолду. Анын айтымында, Кыргызстандын инвесторлорго карата саясаты КМШ өлкөлөрүнө караганда кыйла либералдуу болуп эсептелет. Ал төмөнкүдөй 3 маселе инвестициялык климатты жакшыртууга тоскоолдуктарды жаратып келатканын белгилейт.
Биринчиден, менчикке болгон укуктардын камсыз кылынбагандыгы. Кайсы өлкөдө болбосун инвестор биринчи кезекте ушул факторго маани берет. Эгерде узак убакытка иш жүргүзгөн инвесторлордун келүүсүн кааласак, анда эң ириде ушул көйгөйдү чечүү зарыл.
Экинчиден, өлкөнүн мыйзамдарындагы карама-каршылыктар, алардын жөнгө салынбагандыгы. Мамлекеттик деңгээлде инвесторлор үчүн либералдуу, жагымдуу, ыңгайлуу шарттар жазылганы менен жер-жерлерде таптакыр башкача көрүнүштөр орун алып келет. Инвесторлор жер-жерлердеги бийлик түзүмдөрү тарабынан укуктук, институционалдык тоскоолдуктарга туш болушат.
Үчүнчүдөн, инвестициялык өнүгүүнү артка тартып жаткан фактор – бул мамлекеттик башкаруу системасындагы туруксуздук, инвесторлорго карата милдеттер боюнча бийликте мураскерликтин, ырааттуулуктун жоктугу.
Эксперттин айтымында, дүйнөлүк рынокто инвестициялардын дефицити орун алып, мамлекеттер инвестициялар үчүн күрөшүүдө. Демек, мындай шартта мамлекет инвестиция тартуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, так стратегия, долбоорлорду сунуштап, алдыңкы 10-30 жылга өнүгүүнүн багыттарын иштеп чыгуусу керек. Тилекке каршы, бул жаатта Кыргызстандын позициясы кошуна өлкөлөрдүн жанында начар бойдон калууда.
Эгерде өлкөбүздүн өнүгүүсү көптөн көп инвестицияга көз каранды экенин эске алсак, анда учурдагы бийлик башчылары эң ириде инвестициялык климатты жакшыртууга өзгөчө көңүл буруусу абзел. Ансыз экономиканы өнүктүрүп, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, элдин жашоо деңгээлин жогорулата албайбыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити