Инвестиция бюджеттин кызыкчылыгында гана болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйынында айтты. 

"Эгер кимдир бирөө инвестиция салууну ниеттенсе, ага менин эшигим дайыма ачык. Коррупциялык схемалар болбошу керек. Инвесторлор бирок келишимден үлүштү кимгедир берем дебеши керек, мага паранын кереги жок", - деди премьер-министр.