Бул тууралуу Бизнесассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган. Анда: “Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү 4 млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн. Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2пайыз төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 пайыз кемиген. Мамлекеттик бюджетке түшүүчү киреше былтыркыга салыштырмалуу 8 080,4 млн. сомго азайган. Натыйжада август айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 76 904,9 млн. сомду түзүп, ички дүң өнүмдүн 27,3пайыз гана түзгөн. Туризм тармагы быйыл пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жарым-жартылай да иштеген жок”,- деп жазылган. Кайрылуу ээлери пандемияда жабыркаган ишкер чөйрө 5-октябрда башталган башаламандык учурунда да зыян тартып жатканын белгилешет. Алар башаламандык башталган күндөн бери Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозымчак, Жерүй кендеринде иш токтоп калганын эскертишүүдө. “Эң көп зыян түздөн-түз коомдук тамактануучу жайларды иштеткен ишкерлерге тийип жатат. Күн сайын коркунучтуу кырдаал, талап-тоноо, рейдерлик баскынчылык ишкерлердин жүрөгүн алып бүттү. Кылмыш топтору, талоончулар күч алды. Инвесторлорду жана ишкерлерди коргоочу механизмдер алигүнчө жок. Мындан эң ириде өзүбүздүн жарандар ишсиз калуу коркунучу турат”,- деп жазылган кайрылууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы