Банктын сайтындагы маалыматка таянсак, бул жолу валюта рыногуна 27 млн 950 миң доллар сатылды.

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу сактоо максатында жыл башынан бери он үчүнчү ирет интервенция жасады.

9-сентябрда 6 млн 600 миң доллар,  23-сентябрда 11,2 миллион доллар, 25-сентябрда 19,6 миллион доллар сатыкка чыгарылган.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттаган.

30-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча, 1 АКШ доллары 79 сом 60 тыйын деп белгиленди.

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыгууда.

Булак: Маралфм