Көмүскө экономиканы жок кылуу жөнүндө партия лидерлери   туура сунуш бере алышкан жок. 

Кыргызстандын экономикасынын  тенинен көбү кызмат көрсөтүү  (сфера услуг), болуп эсептелет. Негизинен  көмүскө экономика ошол сферада… Аны эч кандай күч менен чечүүгө мүмкүн эмес… Чечүүнүн бир эле жолу бар: бардык кызмат көрсөтүү бизнесин патентке жана лицензияга өткөрүү. Мисалы, кыргыздар «миллион» тойкана салышты. Алардын тапкан пайдасын эч бир салык инспекциясы эсептей албайт. Эсептей баштаса тойкананын ээси салыкчынын оозу менен чөнтөгүн толтуруп айдап ийет. А эгер аларда тойкананын аянтына эсептелген патент болсо, ал салык так төлөнүп турат. Ага салыкчынын деле кереги жок, ишкананын аянтын эч ким жашыра албайт… Мамлекет тойканаларды көбөйткүсү келсе, патенттин баасын азайтат, а эгер тойкана көп деле кереги жок десе патенттин баасын көтөрүп регулировка кылат. Ишкананын турган жерине жана аянтына жараша, машине оңдоо, комок, магазин, пансионат, кафелердин баарына  патент берилсе көмүскө экономика жоюлуп алардан түшкөн салык 2-3 эсе көбөйөт... Либералдык экономика менен  тез өнүгүп кеткен өлкөлөрдө мындай практика болгон… Эмираттарда салык инспекциясы жок,  лицензия  берген мамлекеттик орган гана бар. 

Акчанын амнистиясы жөнүндө. Бизде 2-3 жолу акчанын амнистиясы болгон, бирок алар акчанын келүүсүн камсыз кыла алышкан эмес. 

Мамлекеттин башкаруу системасы алмашып, бюрократия менен коррупция  Грузиядагыдай болуп жоюлса гана инвесторлор келе баштайт…  

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат