Бул жолкусунда регулятор 11.2 млн доллар сатты. Маалыматты Улуттук банк жарыялады.

Белгилей кетүүчү нерсе, коммерциялык банктарда доллар 79.5 сомдон сатылып жаткан.

Бүгүнкү күндө америка валютасын 79.6 сомдон сатып алса болот. Доллардын официалдуу курсу 79.3486 сомду түзөт.

Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы интервенцияны 6.6 млн доллар сатып, 9-сентябрда өткөзгөн.

Булак: reporter.kg