Кытай бир жылдын ичинде 6,3 млрд доллар СҮТ продукциясын кана импорттоптур! Экспорт эмес, туугандар! Импорт!

Эми, кыргыз айыл чарба продукциясын ушул Кытайга бурсак кандай эффект болоор эле! Үрүмчи шаарында эле жарым Кыргызстандын эли жашайт ( 3 млн)! Алар да күнүгө нан, эт, жер жемиш, сүт, бал жешет! Ыгын таап ошолорго сатканга көнүшүбүз керек! Жаныбызда турат, аларда да экологиялык таза азык түлүктү кана жейбиз деген катмар көбөйүп калды. Кытай менен соода сатыкты көбөйтүү, ал жакка биздин продукцияны экспорттоо бул маанилүү иш! Кытай бул эң чоң рынок, бул кардардын океаны! Биз ошол океандын жээгинде жашап жатып, өз мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз...

Алмазбек Акматалиев