Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 338 млн доллардын 207 млн доллары сарпталган.

"Калган 131 млн доллар Улуттук банктын эсебинде турат. 207 млн доллар мурда айтылгандай эле пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга (буудай, ун сатып алууга), муктаж болгон жарандарга азык-түлүк баштыктарын алууга, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды", - деди ал.

 
Кабар