Өкмөттүн маалыматына караганда, жалпысынан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тарта ушул күнгө чейин эл аралык донорлордон 334 миллион доллар келип түштү. Анын ичинен 205 млн доллары колдонулду.

-пандемияга каршы күрөшүү боюнча чыгымдарга 27 млн долларга жакын каражат;

-карантин маалында калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алууга;

-азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай сатып алууга;

-социалдык төлөмдөргө;

-пенсия, айлык акы, жөлөк пулдарды ж.б. төлөөгө пайдаланылды.

Калган 129 млн доллары Улуттук банкынын эсебинде экенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Өлкөнүн тышкы карызы миллиард долларга көбөйүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Шашылыш түрдө 100 миллион доллар берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо процесси боюнча айыптоолорго токтолсок, Эл аралык валюта фондунан алынган насыя деп айтылып жатат. Бирок бул кредит эмес экендигин белгилейбиз. Аталган каражатты Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бөлгөн. Аны алуу жөнүндө сүйлөшүү февраль айында эле башталып, 2020-жылдын апрель айында жактырылган. Ошондой эле бул каражаттарды пайдалануу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, президент тарабынан бекитилген бюджет боюнча мыйзамда жазылган», -деп айтылат маалыматта.

Каражаттар 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Евразия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясы шартында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык насыя берүү жөнүндө» макулдашуунун негизинде берилүүдө.

Ушул макулдашуунун насыялык бөлүгү Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун шарттарында каралган. Тагыраак айтканда, насыянын төлөө мөөнөтү 20 жылды түзөт, анын 10 жылы – бул 1 % жылдык жеңилдетилген мезгил.

Насыянын каражаттары төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалат:

— калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго;

— авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө жана курулуш иштерин аяктоого;

—  ооруканаларды капиталдык оңдоо жана куруу, медициналык жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууга;

— ирригация боюнча долбоорлорго;

— жолдорду капиталдык оңдоо, куруу жана калыбына келтирүүгө;

—  «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашырууга.

Булак: Маралфм