Кыргызстандын экономикасынын начарлап, жакыр мамлекеттердин катарын канча жылдан бери туруктуу толуктап келатканына эмне себеп болгонун биринчи президент Аскар Акаев айтып берди. Ал 7-каналга берген маегинде бийликтеги кезинде он жылдык экономикалык программа кабыл алып, бирок аягына чыгарууга үлгүрбөй калганын белгилеген. 

"Биз экономиканы ички ресурстар менен колдоп, туруктуу өсүп-өнүктүрүүчү программа кабыл алганбыз. Анын негизинде 2000-жылдан тартып экономикада өсүш болду. Жыл сайын 5-6 пайыз өсүп отуруп, 2004-жылы 7 пайызга жеткен. Аны менен катар инфляция 3-4, ал эми деффицит 1-2 пайыздын тегерегинде болгонун белгилей кетейин. Эл аралык уюмдар программабызды гранттар менен колдоп жаткан. Ошону аягына чыгарганда 2010-жылда Кыргызстандын экономикасы өсүп, бай мамлекеттердин катарына кошулмакпыз. Бирок ага жеткиришпеди, саясий авантюристтер 2005-жылы төңкөрүш жасашып, мен бийликтен кеттим. Менден кийинки президент Бакиев, бул Акаевдин программасы деп токтотуп салды. Менден кийинки үч президент тең экономиканы терс жолго салышты. Ички ресурстары менен туруктуу өсүп-өнүгүүчү экономиканы дефициттүү жолго салышты", - деген Аскар Акаев.