Бул тууралуу экономиканы чемичкедей чаккан ЖК депутаты Акылбек Жапаров айтты. Ал кескин чараларды көрбөсө, өлкөнүн экономикалык абалы оор абалга кептелип, элибиз кыйынчылыктарга дуушар болушу ыктымалдыгын айтты. Абалдан чыгууга өзүнүн төмөнкүдөй сунушун билдирди:  

- Экономиканы жандантуу үчүн сырттан келген жардамдын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда, 150-200 млн. долларын, сырткы карызды реструктуризациялодон пайда болгон 100 млн. долларды буруш керек. Улуттук банк эл аралык резервдерден баалуу кагазар кылуу 200 млн. доллар ала алат. Ошентип, жалпы жонунан быйыл экономикага жок дегенде 500 млн. АКШ долларын салыш керек. Мындан тышкары, Орус-Кыргыз өнүктүрүүфондунда жаткан 260 млн. долларды Кыргызстанга алып келип, бизнеске 3% үстөк менен беш жылдан кем эмес убакытка берүү зарыл. Буга кошумча, Евразия өнүктүрүү банкынандагы 500 млн. доллар карыз алып, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу бизнеске салса болот. Акча табуунун жолдору бар, мен муну ар дайым айтып келем. Тилекке каршы, берген сунуштарым көңүл сыртында калып жатат. Өлкөдө эки жүз жыйырма миң кедей үй-бүлө бар,пандемиянын мизи сууганча банктык карталар аркылуу алардын тамак-ашына, дары-дармегине куру дегенде 5000 сомдон таратып туруш керек. Бирок, өкмөт ар дайым кечигип, кыйын абалга алып баратат. Коронавирус менен күрөшүүдөгү баардык жоопкерчиликти президент өз мойнуна алды, экономиканы куткарууну да мамлекет башчы жеке көзөмөлдөшү керек  да…

Булак: “Майдан. kg” гезити