Дүйнө жүзүн, анын ичинде өлкөбүздү каптаган илдет акырындып күчүн жоготуп, жай турмуш кайтып келатканы кубандырбай койбойт. Аны сыртта иштеп жүрүшкөн мекендештердин акча которуулары да ырастагансыйт.

Дегенибиз, 2020-жылдын июнунда мигранттар жалпы болуп 277,9 млн. доллар которушкан. Бул сумма май айына караганда 1,6 эсеге көптүк кылат.

2019-жылдын июнунда салыштырганда, көрсөткүч 86,3 млн. долларга көп. Июндагы которууларды өткөн жылдын декабры менен салыштырсак, өсүш 63 млн. долларды түзөт.

Жалпы болуп ушул жылдын 6 айында өлкөбүзгө 977,3 млн. доллар акча которулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 149,1 млн. долларга аздык кылат. Которуулардын 90%дан ашыгы Россияга  тийешелүү. Бул өлкөдөн 953,6 млн. доллар, башка өлкөлөрдөн 10,1 млн. доллар, АКШдан 9,9 млн. доллар которулган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити