Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда — 35,23 сомго, суюлтулган газ — 18, 77 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 31,9 сомду, АИ-95 — 36,2 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 41,9 сом менен жана Bishkek Petroleum 39,9 сом менен кардарларга сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 34,9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

— «Партнер Нефть» — 18, 7 сом менен;
— Bishkek Petroleum — 19, 8 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
— «Газпром нефть» — 17,8 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай):

Маалымат «Акчабар» финансылык порталынан алынды.

Булак: Маралфм