Учурда экономикалык каатчылык дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө бейтааныш болбой калды. Пандемия бүтүндөй дүйнөнү, экономикасы алдыга озгон же артта калганын калтырбай бир катарга тизип койгонсуду. Эл аралык эксперттер мында айрыкча Борбордук Азиянын абалы оорураак болоорун айтышууда, анткени бул өлкөлөр эмгек мигранттарынын эсебинен күн көрчү, ал эми пандемия көптөгөн мигранттарды жумушсуз калтырды.

Эксперттер белгилегендей, мигранттар которгон акча каражаттары Борбордук Азияга өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, 2019-жылы Россияда иштеген тажикстандыктар үйлөрүнө 2,5 миллиард доллар которушкан. Бул өлкөнүн ИДПсынын 35 пайызын камсыздаган. Кыргызстандыктар болсо өлкөнүн 30 пайызын камсыздаган 2 миллиард доллар жиберишкен. Өзбекстандыктар 4,7 миллиард доллар которушуп, ИДПны 15%га көтөрүшкөн. Булардын баары банк аркылуу которулгандар гана, ал эми колдон колго берилген сумма канча экени белгисиз.

Так ушундай эмгек мигранттары өз өлкөлөрүнүн экономикасын алдыга жылдырууга салымын кошуп жаткан мезгилде дүйнө пандемияга туш келди. Мындай каатчылыктан Россия четте калбады, ал жакта да карантиндик катаал чаралар киргизилди. Борбордук Азиядан барган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү иштеген соода, курулуш, транспорт, кызмат көрсөтүү тармактагы убактылуу иштебей калды. Жумушсуз калган мигранттар кыйынчылыкка кабылышып, өз өлкөлөрүнө кайтуунун амалын издешти. Кыргызстанга эле эки айдын ичинде 20 миңдей эмгек мигранты кайтты. Аларды өз өлкөсүндө жумушсуздук күтөөрү анык. Расмий маалыматтар боюнча  Россияда 2018-жылы 640 миң кыргызстандык миграциялык каттоого турган, ал эми бейрасмий маалыматтарда бир миллион жаран орус жергесинде жүргөнү айтылат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда өлкөдө 2018-жылдын 1-январына карата 6,27 миллион жаран бардыгы аныкталган. Ошондо ар бир онунчу кыргызстандык Россияда эмгек мигрантына айланган.

Карантиндин алгачкы күндөрүнөн тартып Кыргызстанга кайтууну каалаган мекендештердин саны көп болду. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бир нече ирет чартердик каттам уюштурду. Адистердин айтымында бул чекит эмес, алдыда дагы 100-200 миң мигранттардын кайтуусу күтүлүүдө.  Ал эми кыйын кырдаалды орус жергесинде жеңип, кайра баары ордуна келгиче күтүүнү ойлоп калгандар деле жумушдардын токтоп турганынан улам учурда үйлөрүнө акча которо алышпайт. Мисалы, ушул жылдын апрель айында кыргызстандыктар мекенине 76, 3 миллион доллар которушкан. Мындай аз сумманы мигранттар 2009-жылы гана которушкан. Андан бери жыл өткөн сайын которулган каражаттардын суммасы көбөйүп отуруп, миллиардды багындырган болчу. Өткөн жылдын апрель айына салыштырганда деле анда мигранттар 200, 1 миллион доллар которушкан. Ошондо, 2020-жылдын алгачкы төрт айында Россиядан Кыргызстанга 518, 3 миллион доллар келген. 2016-жылдан берки көрсөткүчтө бул эң ылдый сумма, 2019-жылдын алгачкы төрт айында 22 миллион долларга көп салышкан.

 Эксперттер бул бир гана бизге түшкөн кыйынчылык эместигин айтышууда. Мисалы, Тажикстандын Улуттук банкы статистиканы жарыялабаганы менен президент Эмомали Рахмондун Эл аралык валюта фондуна жазган катынан  март жана апрель айларында акча которуулары тең жарымына азайганын билүүгө болот. Рахмон аны менен катар мындай ылдыйлоо бир нече айга созулушу мүмкүндүгүн, бул суроо-талаптын кескин азайышына, жумушсуздуктун күчөшүнө жана валюта рыногундагы басымдын жогорулашына алып келээрин белгилеген.

 Коңшу Өзбекстанда да ушундай эле кырдаал. Эл аралык эксперттер өзбек мигранттары да акча которулаарын баштагыдан азайтышкан. Анткен менен бул тууралуу Өзбекстан статистиканы ачыктаган эмес. Расмий эмес маалыматтарга караганда ушул жылдын апрель айында акча которуулар 50 пайызга азайган. Эгер бир айда өзбек мигранттар орточо эсеп менен 390 миллион доллар үйлөрүнө которуп турган болсо, апрелде бул сумма 200 миллион долларга азайган.

 Мигранттардын акча которууларынын азайганы шарттаган экономикалык каатчылыкка улай дагы бир олуттуу маселе бардыгын эксперттер белгилешти. Ал – жумушсуздук. Жогоруда айткандай үйлөрүнө кайткан мигранттар жумушсуздукка туш келери анык. Бул бир гана бизде эмес коңшу өлкөлөрдү да убайга салган көйгөй. Борбордук Азияда бул жаатта бир гана Өзбекстандын даярдыгы жакшы экенин адистер айтышты. Алар белгилешкендей, Өзбекстанда пандемиянын айынан кайтып келгендердин саны жарым миллионго жеткен, андан улам жумушсуздардын саны 2 миллион адамды түздү. Бирок, өзбек бийлиги мындан чыгуунун жолун таба алат. Анткени, биринчиден, Өзбекстанда 34 миллион калк жашайт, демек мигранттардын маселеси экономиканын жалпы көрсөткүчүнө анчалык доо кетирбейт. Экинчиден, Ташкент кандайдыр бир чектеги резервди топтоого үлгүргөн. Өкмөттүн  1 миллиард долларлык антикризистик долбоору старт алды. Мындагы каражаттар коронавирус менен күрөшүүгө, ишкерчиликти колдоого, социалдык төлөмдөрдү төлөөгө коротулууда. Ошондой эле жолдор, ооруканалар, мектептердин курулуш иши жанданып, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация жасалып жумуш кызуу жүрүп жатат. А булардын баары жаңы жумушчу оруну эмеспи.

 Ал эми Кыргызстандын кырдаалына келгенде эксперттердин күйүтү чоң. Бейрасмий маалыматтарга караганда жумушсуздардын армиясы 700 миңге жетти. Өкмөт жумушсуздарга  5 миң сомго  иштөөнү сунуштады. Ал эми башка маселелерди насыялардын эсебинен жабууга аракеттенүүдө. Аны менен катар Эл аралык валюта фонду 240 миллион доллар өлчөмүндөгү коронавируска каршы насыя бөлгөн биринчи мамлекет Кыргызстан болду. Бирок пессимизге орун жок, Тажикстанда кырдаал бизден бир нече эсеге курч.

 Коронавирус көйгөйү башыбыздан ашып турганда парламенттик шайлоо да жакын калды. Тажикстанда болсо ушул жылдын соңунда президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек.  Кыргыз өкмөтү оптимизмин жогото элек, премьер-министр Кубатбек Боронов экономикалык адистер эгер эки-үч айда экономикалык көрсөткүчтү көбөйтө алсак, жыл соңун ырааттуу жыйынтыктай турганыбызды божомолдогонун жарыялады.

“Өкмөттүн кризистик планы түзүлгөн, анын негизинде иш алып барылууда. Анда бюджетти толтуруу, ордуна коюу маселеси гана эмес, токтоп калган, кыйналып калган тармактарга да жардам берип, жеңилдетилген насыяларды таап келүү маселеси да камтылган. Бул жаатта өкмөт абдан дыкаттык менен иш барып жатат. Бизнес чөйрөсүнө ылдам, жеңилдетилген насяыларды берүүнүн каражат булагын издөө колго алынды. Бул жакын арада ишке ашат”, - деди Кубатбек Боронов.

Эмнеси болсо да ушул жүрөк үшүн алган апааттан башыбыз соо, экономикабыз түз бойдон чыгып алалы деп тилейли.