Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Быйыл 40 млрд 996 млн киреше чогултулган. Ал өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 11 млрд 199 млн сомго аз.

Чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түздү. Былтыркы жылга караганда чыгаша 2 млрд 867 млн сомго көп болду. 5 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү.

Булак: Маралфм