Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу ири шаарларда киргизилген өзгөчө абал көпчүлүк ишкердин ишин токтотту. Өкмөттүн маалыматы боюнча, киргизилген чектөөлөрдөн улам бюджеттик казынага 10 млрд. сомго жакын каражат түшпөй калган. Андыктан премьер-министр июнь айында пенсия, жөлөкпул, маяналар кечиктирилип, ал тургай берилбей калышы мүмкүн экендигин да ЖК жыйынында ачык айтты. Демек, экономиканы кайра бутуна тургузуу үчүн жеке ишкерлердин ишин жандандырып, мамлекет тарабынан жардам берилиши аба менен суудай зарыл болуп турат.

Бул багытта Экономика министрлиги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрөнү колдоо максатында өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 “Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүүнү өкмөткө сунуш кылды. Ал долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Министрлик буга чейин өкмөттүн аталган токтомуна ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген. Мухаммедкалый Абылгазиев башкарган өкмөт бул токтом мене ишкерлерди жөнү жок текшерүү тыйылганын, бул ишкерликти колдоодогу негизги жетишкендик экенин билдирип келет. Бирок айрым ишкер бирикмелер бул токтом кагаз жүзүндө калганын сындап жүрүшкөндүгү да белгилүү. Сыягы, кызарган жерди көрсө эле баса калган кылмыштуу топтор менен салыкчылар эски адатын таштай элек окшойт.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.