Бул маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 13-майдагы жалпы отурумунда билдирди. Өкмөт башчынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,1 млн. адам социалдык камсыздоодо турат. Алардын ичинен 402 миң адам - жөлөкпул алуучулар, 676 миңи - пенсионерлер.

«Пенсиянын орточо өлчөмү бүгүнкү күнү 5763 сом. Былтыр биз 163 сом кошо алдык. 676 миң пенсионерге кошо келгенде бул эбегейсиз чоң сумма. Жалпысынан пенсиянын өлчөмү акыркы беш жылда 70% өстү».

Абылгазиев өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык акы, пенсия жана жөлөк пул өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөнүп келгенин белгиледи.

Өкмөт башчынын айтуусунда, өлкөдө жакырчылык 3,2% кыскарды. Жалпысынан жакырчылыкты жоюуга 13 млрд. сом сарпталган.

Булак: Азаттык