Бул тууралуу 7-майда болгон брифингде борбор калаанын вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, салыктык кирешелердин түшпөй калуусуна чакан жана орто бизнестердин токтошу себеп болгон.

"Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 4 айында бюджеттин төмөндөшү 900 миллион сомдон ашты, анын ичинде март жана апрель айларында – 266,9 миллион сом жана 398,4 миллионн сомду түздү. Ошондой эле бүгүнкү күндө 2020-жылдын кирешесинин түшүшү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 миллиард 791 миллион 100 миң сомду түзөт", - деди Бакетаев. 

Булак: media-center.kg