Бул тууралуу Кыргызстандагы "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатов 2-майда брифингде билдирди. Анын сөзү боюнча январь-апрель айларында бензиндин чекене баасы 2,8-3 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы 4 сом 70 тыйынга арзандады. Ал эми дүң баасы бензин жыл башынан бери 11,6 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 11 сомго төмөндөдү.

"Күйүүчү майдын баасы арзандабай жатат деген дооматтар туура эмес. Баалар арзандап жатат. Өлкөдө күйүүчү майга таңсыктык жок, күйүүчү майдын бардык түрү менен камсыз болгон".

Эшатовдун маалыматына караганда, май айынын ичинде баалар дагы 3,5 сомго төмөндөшү күтүлүп жатат. Канат Эшатовдун сөзүнө караганда, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин (КМШ) ичинде эң арзан баа болуп саналат.
Эшатовдун айтуусунда нефтетрейдерлер айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү майды 40 тыйынга арзандатууга макулдугун беришкен.

Ушул тапта Кыргызстанда бензин баасы 35-39 сомдун айланасында сатылып жатат. 

Булак: Азаттык