- Карантинден кийин элибиздин турмушу кандай нукка бурулушу мүмкүн?

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр:

 “Элибиздин асыл сапаттарын бекем кармап, бөлүнүп-жарылууну токтотуп, өнүгүүгө бет алсак жакшы болот эле”

- Карантиндин учурунда   көпчүлүк (айрыкча атка минерлерибиз) элибизди миңдеген жылдар бою сактап келген сабырдуулук, боорукерлик, ынтымак-ырашкерлик, барга топук кылуу, аярлууга жардам берүү сыяктуу улуттук сапаттарыбызды, каада-салттарыбызды,  өздөрүнүн жашоо принциптерин кайра карап чыгууга шарт түзүлдү го деп ойлойм. Эми карантин бүткөндөн кийин да элибиздин ушундай асыл сапаттарын бекем кармап, бөлүнүп-жарылууну токтотуп, биримдикте болуп, өнүгүүгө бет алсак жакшы болот эле деген тилектемин. Экономикабыз бир топ артка кетти. Аны жолго салыш үчүн өкмөт өз курамына билимдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, таза, эрктүү инсандарды топтоп, калкты социалдык жактан коргоо, бизнести калыбына келтирүү, өнүктүрүү, транспорт, курулуш, айыл-чарба сыяктуу тармактардын ырааттуу иштешин камсыз кылуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгып, кыска мөөнөттө ишке ашыруусу зарыл. Ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына жаңыча көз караш менен мамиле кылып, даректүү иш чараларды ишке ашырыш керек. Мамлекет жетекчилери ушул кырдаалды, жарандардын аң сезиминде болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн баарын туура багытка буруп, өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө колдонушу керек. Кеп биздин жетекчилерибиз кырдаалга туура баа бере алабы, элибизди ар кандай саясий күчтөрдү бириктирип, мамлекетибизди кризистен алып чыгып кете алабы, ошондо. Азыртан туура багытка салбасак, элдин турмушу мындан ары да начарлап, кризис улана бериши мүмкүн.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” партиясынын төрагасы:

“Айыл чарба министрлигинин кургак отчётторуна ишенип олтура бербеш керек

- Карантинден кийин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө айыл-чарба тармагын, азык-түлүк өндүргөн кичи жана орто ишканаларды ачуу керек. Ошондой эле буга чейин иштеген ишканаларды жандандырып, токтоп калгандарын ишке киргизүүгө каражат жагынан өкмөт колдоо көрсөтүп туруучу мезгил келди. Мындан сырткаркы азык-түлүк коопсуздугун чечиш үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдап, себүү иштерин колго алыш керек. Айыл чарба министрлигинин кургак отчётторуна ишенип, “кыйратып жатыптыр” деп, өзүбүздү алдап отура бербешибиз керек. Тагыраагы, айыл чарбасына да татыктуу адамдар келиш керек.

Алишер Мамасалиев, экс-депутат:

Бийлик чыгымдарын кыскартууга аргасыз болот...

- Биринчиден, чакан жана микро ишканаларга болуп көрбөгөндөй сокку урулат. Бир нече ишкерлер өз бизнесин жабууга аргасыз болушат.  

Экинчи, эмгек мигранттарынын акча которуулары кескин кыскарат.

Үчүнчүсү, карантинди эске алуу менен, бизнес чөйрөсүн кыскартуу жана миграцияга көзөмөл  күчөйт. Тилекке каршы, мунун баары жумушсуздуктун кескин жогорулашына алып келет.

Төртүнчүсү, өз ара жардам берүү уюмдарынын таасирин күчөйт. Тагыраагы,  адамдар ар кандай фонддордун жардамына кайрылууга жана социалдык колдоо көрсөткөн топторду түзүүгө аргасыз болушат.  

Бешинчи, насыяга суроо-талаптын өсүшү күчөйт. Адамдар банктарга жана микрокредиттик уюмдарга кайрылышат. Демек, калктын карыз алуусунун көбөйүшүн күтүүгө болот.

Алтынчы, саясатчыларга ишеним төмөндөйт. Коом кризистик мезгилде көпчүлүк саясатчылар эч нерсени чечпесин түшүнөт.

Жетинчи, диний уюмдарга ишенимдин төмөндөшү жана алардын коомго тийгизген таасири байкалат.

Сегизинчи, агрардык тармактын өнүгүшүн күтсө болот. Элдер азык-түлүк өндүрүү үчүн дыйканчылыкка каражат жумшашат.

Тогузунчу, бийлик чыгымдарын кыскартууга аргасыз болот. Өкмөттүн структурасы өзгөрөт, мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарат. Жогоруда айтылгандардын бардыгы сөзсүз түрдө ички саясатка таасир этет. Мындай кырдаалда консервативдик баалуулуктарга жана патриотизмге таянган саясий лидерлер эң туруктуу болот деп болжолдоого болот. Ал эми келе жаткан парламенттик шайлоону коронавирустун айынан 2020-жылдын декабрына чейин жылдырууга аргасыз болушат деп ойлойм.

Арина Рысбаева