- Эркин Шамшудинович, сиз буга чейин донордук жардам каражаттардын макулдашылган суммасы 456 млн. доллар экенин айткансыз. Бүгүнкү күнгө карата бул сумманын канчасы кайсы донорлордон алынды?

- 30-мартта Эл аралык валюта фондунан 120,8 млн. доллар келип түштү. Калган суммалар алдын ала макулдашылган, учурда донорлордун өздөрүндө биротоло бекитүү процедураларынан өтүүдө.

- Макулдашылган деп атасыз, процесс учурунда бербей коюшу да мүмкүн эмеспи? Бул суммалар сөзсүз алынабы?

- Ооба, бул  макулдашылып, кол алышкандан кийин анык болгон суммалар.  

- Бул каражаттардын бизге келип, пайдаланылуусу кандай болот?

- Бул акчалар финансы министрлигини эсебине келип түшөт. Мен көптөрдү бул акчалардын кайсы эсепке которулуп, эмнеге жумшалганы кызыктырып атканын түшүнүп атам. Эл аралык валюта фондунун каражаты түз бюджетти колдоого – бюджеттик чыгашаларды жабууга жумшалды.

- Визуалдуу түрдө болсо да элдин келип жаткан донордук акчалардын каякка, кантип сарпталып жатканын билип туруусуна мүмкүндүк түзүп берсе болобу?

- Мен бул маселени каржы министрлигинин алдына коём. Канча акча келип түшкөнүн, каякка багытталып атканын билип турушса туура болот.

- Сиз Эл аралык валюта фондунун жардамын гана айттыңыз. Дагы кандай донорлор бар, алар кандай жардамдарды берип жатышат?

- Эл аралык валюта фонду боюнча дагы экинчи транш бар, ал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Экинчи транш менен да 120 млн. доллар которулушу керек. Азия өнүктүрүү банкынын 120 млн. долларынын 100 миллиону бюджетти колдоого жумшалса, 20 млн. доллар саламаттыкты сактоонун  линиясы менен пайдаланылат. Дүйнөлүк банк 12,15 млн. доллар бөлүүдө. Макулдашуу ратификациядан өткөн. Дүйнөлүк банк экинчи транш менен 9 млн. доллар берет. Бул каражаттардын баары тендердин шарты боюнча саламаттыкты сактоого багытталат. Канча коргоочу кийимдер, ИВЛ аппараттары керектиги донорлор менен макулдашылган. Бул жагынан алар катуу көзөмөлгө алышууда. Дүйнөлүк банктын 9 млн. доллары боюнча тендер аягына чыгарылды. Дүйнөлүк банк менен макулдашуучу комиссия жеңүүчүнү аныкташы зарыл. 9 миллионго медикаменттер менен жабдуулар гана сатылып алынат. Ислам өнүктүрүү банкы саламаттыкты сактоо секторуна 15 млн. доллар бөлгөнү жатат. Европа бирлиги 28,3 млн. долларды бюджетти колдоого берип атса, немец өнүктүрүү банкы 30,4 млн. долларды фермерлерди колдоого, азык түлүк коопсуздугун камсыз кылууга бөлүүдө.

- Булардын баары насыяларбы?

- Эл аралык валюта фондунун линиясындагы каражаттын бир бөлүгү пайызсыз насыя, экинчи бөлүгү жеңилдетилген шартта берилет. Азия өнүктүрүү банкы гранттык жардам иретинде берет.

- Сырттан келчү жардамдардын эсебинен тышкы карыздардын суммасы канчага көбөйүшү мүмкүн? Эсептеп көрдүңүздөрбү?

- Тышкы карыз боюнча каражаттардын келип түшүүсүнө жараша гана айтсак туура болот. Биз азыр бир мезгилде тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп атабыз. Каржы жана экономика министрликтерине бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмалары берилген.

- Карызды кечүү боюнча кимдерге кайрыласыздар?

- Эки жактуу жана көп тараптуу макулдашуулар менен иш алып барабыз. Биз азыр Кытайдын Эксимбанкына көп карызбыз. Өткөн жумада президент Си Цзиньпин менен сүйлөштү. Өлкө башчыбыз бул насыяны кечүү боюнча ага кайрылды. Алар карап көрө тургандыктарын билдиришти. Учурда Эксимбанктын кеңсесинен байланышып, иштер жүрө баштады.

- Өлкөбүздүн бюджетинин киреше бөлүгү салыктык жыйнамдардан 9,7 млрд. сомдон куру калды. Өкмөт мамлекеттик аппараты кыскартууну бир вариант катары карап атабы?

- Мамлекеттик аппараттын штатын кыскартуу маселеси чындап эле каралууда. Азырынча кандай жыйынтыкка келгенибизди айтууга эрте. Реформалоо боюнча чоң милдеттер турат. Терең ойлонулган, мамлекеттин функцияларынын иштөөсүнө зыян тийбегендей туура чечим кабыл алышыбыз керек. Маселе бүгүнкү күндө каралуу стадиясында турат.

- Прогноздорго ылайык, бул жылы мигранттардан келчү каражаттардын агымы 15 %га төмөндөйт экен. Бул биздин экономикабыз үчүн сезилерлик сумма. Бул боюнча өкмөт эмне кылганы жатат?

-  Акчалай которуулардын агымынын төмөндөөсү боюнча ар кандай божомолдор бар. Мигранттардан келчү каражаттардын көлөмүнүн азаюусу  15-30 %дын тегерегинде болушу мүмкүн.

Мигранттардын өздөрүнө келе турган болсок, өкмөт тарабынан мигранттарга социалдык жардамдарды берүү үчүн акча бөлүндү. Биринчи кезекте Россиядагы мигранттарга тиешелүү. Бул максатта 20 млн. сом бөлүндү.

Биздин мигранттар кайтып келиши мүмкүн. Албетте, андай учурда мамлекет аларга жардам берип, колдоо көрсөтүшү зарыл. Бул боюнча иштер жүрүп атат. Өзүңөр көрүп атасыңар, биздин айрым мекендештерибиз мекенине кайтып келишүүдө, санитардык процедуралардан өтүп атышат. Алар бул жерде кандай жумуштар менен камсыз болот деген маселе турары талашсыз. Менимче, бизнести колдоонун экинчи пакети ишкерлик жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө багытталышы абзел. Учурда посткризистик калыбына келтирүү, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштер алып барылууда. Эртеби, кечпи биз бул өткөөл мезгилден өтөбүз, карантин аягына чыгат. Биз эң ириде экономиканы калыбына келтирип, андан ары өнүктүрүүнү ойлонушубуз зарыл.

- Посткризистик чаралар өзүнө кандай иштерди камтыйт?

- Жумушчу топ түзүлгөн. Ага Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун адистери, Президенттик жана өкмөттүк аппараттын эксперттери тартылат. Бизнес коомчулук жана көз карандысыз эксперттер менен тыгыз кызматташабыз. Донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Алар дагы өздөрүнүн консультанттарын бергени жатышат. Иш башталды. Албетте, аракеттеги программаларды иш-жүзүндө кырдаал кандай болсо, ошого жараша карап чыгабыз. Экономиканы кантип бутуна тургузабыз, ошону ойлонушубуз керек.

Пландаштыруунун ар кандай горизонттору каралууда. Адатта үч жылдык мезгил алынат. Бирок бүгүнкү күндө дүйнөдөгү кырдаал баттан өзгөрүүдө. Ошондуктан узак убакытка пландоо максатка ылайыксыз.

Булак: Тazabek.kg

Кыргыз тилине которгон Автандил Белеков