Таzabek маалымат будагы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев менен маек куруп, анда Кыргызстандагы акыркы кырдаалдын тегерегинде сөз болду. Маектин айрым маанилүү жерлерин сунуш кылабыз.

- Эркин Шамшудинович, сиз брифингде бизнести колдоонун экинчи пакетинде 14 млрд. сомдук каржылоо болорун айттыңыз. Бул каражаттын булагы каяктан?

- Бизнести колдоонун экинчи пакети ишкерлерге жеңилдетилген шарттагы насыяларды берүүнү карайт. Бул максатта каражаттардын антикризистик фонду түзүлөт. Бул жаңы түзүм эмес, бул  өзүнчө антикризистик эсеп.

14 млрд. сом - бул сырткы булактардан алынчу каражат. Ички булактар бюджетти кайра бөлүштүрүүдөн түзүлүүдө. Ага Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун убактылуу бош турган акчалары да кирет. Сыткы булактар – бул донорлордун акчалары.

- Эмнеге 14 млрд. сом?

- Сумма ички булактарды эсептеп, сырткы булактар менен алдын ала сүйлөшүүлөрдүн негизинде аныкталды. Биз айрым суммалар боюнча макулдашууларга жетиштик. Баса белгилеп кетейин, каражат кайтарымдык негизде бизнести колдоого гана багытталат. Донорлор үчүн акчанын каякка, кандай максатта жумшалып атканы маанилүү. Ошондуктан биз өнөктөштөргө баарын ачык кылабыз, айтып, көрсөтүп турабыз.

- Бул эсеп качан ачылат?

- Азыр так датаны айтуу кыйын. Эсепти ачып, каражатты тартууну май айына пландап атабыз. Эгерде каражат берүүгө макулдугун берген донорлор тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү күнгө карата Немец өнүгүү банкын айтып кетсем болот. Аталган банк 30 млн. долларды берүүгө, Европа инвестициялык банкы 22 млн. евро берүүгө макулдугун билдирди. Бул 4,5 млрд сомду түзөт.

- Калган 10 млрд. сомду ички булактардан табасыздарбы?

- Ички да, сырткы да чыгашалардын эсебинен табылат. Ички булактар бюджетти кайра бөлүштүрүүдөн кийин аныкталат. Бюджет парламентте бекитилгенден соң так суммасын айта алам.

- Пайыздык чени кандай болот?

- Аны азырынча айта албайм, анткени, учурда иштелип атат. Бул кредиттик продуктулардын баары өкмөттүн буга чейинки программаларынын аналогиясы болот. Жалпы алганда, шарттары, мөөнөтү, пайыздык чендери окшош эле.  

- Бул жардамдар ири ишкерлер үчүнбү же чакан да ишкерлерге багытталганбы?

- Биринчи кезекте орто жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүлөт. Салыктык жактан алганда, ишкерлик субъектисинин акча жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 млн. сом болсо, ал чакан бизнес болуп эсептелет. Ага патенттик негизде иштегендер, бирдиктүү салык менен иш жүргүзгөндөр да кирет.

- Кырдаалды эске алып айтканда, баары эле жеңилдетилген насыяларды ала алышпайт. Капиталы жок болсо, алар кантип күрөө коё алышат? Силер бул жагдайды эске алдыңарбы?

- Жеңилдиктер өзүнө негизи сумма менен пайыздарын төлөөдөгү мөөнөттү, каникулдарды камтыйт. Күрөө жактан камсыз кылуу үчүн Кепилдик фонддун капиталын 1,5-2 эсеге көбөйтүү жагы каралууда. Эгерде насыя алуучунун күрөөсү жетишсиз болуп атса, анда ал Кепилдик фондго кайрылуу аркылуу насыянын 50 %ын камсыздай алат. Азыркы күндө Кепилдик фонддун капиталы 1,1 млрд. сомду түзөт.

- Айрым ишкерлер өкмөттөн коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды форс-мажордук абал деп таанууну суранышууда. Бул мүмкүнбү?

- Мыйзамдар аркылуу кандай кырдаалдар форс-мажордук деп таанылары жөнгө салынган. Мында маселенин эки жагын карашыбыз керек. Биринчиден, бул ишкерлерге жеңилдиктерди бериши ыктымал. Экинчи жагынан тоталдык түрдө милдеттенмелерди аткарбоого алып келиши мүмкүн. Хаоско айланып кетүү коркунучу бар.

- Көптөр салыктарды жоюу зарылдыгын айтышууда. Өкмөт буга кандай карайт?

- Бул маселеге олуттуу карашыбыз керек. Бюджет эмне экенин билесиңер, бул кирешелер менен чыгашалар. Кирешелер негизинен салыктар жана бажы жыйнамдарынын негизинде түзүлөт.

Бюджеттин киреше бөлүгү тууралуу айтсак, бажы төлөмдөрү боюнча жоготуулар көп болуп кетти. Биздин негизги өнөктөшүбүз – бул Кытай (импорт 70 %). Жылдын башында чек ара жабылып, бажы төлөмдөрүнүн көлөмү кескин азайып кетти.

Жылдын башынан ушул кезге чейин биз 13 млрд. сом көлөмүндө бажы төлөмдөрүн жыйнашыбыз керек болчу. Иш жүзүндө 7 млрд. сом жыйналды, 6 млрд. сомго аз болуп калды. Салык тууралуу айтсам, марттын аягында көптөгөн ишканалардын иши токтоду. Импортко байланышкан көйгөй жергиликтүү өндүрүшкө таасирин тийгизди, себеби, бизде көпчүлүгү кытай сырьелорун колдонушат. Албетте, бул салыкка кескин терс таасирин тийгизди. Жылдын башынан 25-апрелге чейин 24,7 млрд. сом салык жыйнашыбыз керек болсо, 21 млрд. сом гана жыйналды.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө келсек, жылдын башынан көйгөйлөр башталып, үнөмдөө режимине өттүк. Бардык иш сапарларды токтотуп, авто унаа ж.б. сатып алууларды токтоттук. Кырдаал оорлошкондо карантин киргизилип, катуу режимге өтүүгө аргасыз болдук. Бүгүнкү күндө биз маяна, пенсия, өзгөчө кырдаалга байланышкан чыгашаларды гана жүргүзүп  атабыз. Калганынын баары токтотулган.

Кыргызчалаган

Автандил Белеков