Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу “Фейсбуктагы” баракчасына журналисттердин эки суроосуна жооп жазды.

Биринчиси, “Жогорку Кеңеш чынында эле апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен?”- деген суроого: “Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет” деди. Ошондой эле иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжолу менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби, “карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды”- деп жооп жазды.

Экинчиси, “Жогорку Кеңештин депутаттары элге жардам берип жатабы?”- деген суроого төмөнкүдөй жооп калтырды:

- Колунан келгендери материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү фондуна да үй-бүлөлөрүнүн атынан акча которгондор бар. Макул болгондорун Басма сөз кызматы kenesh.kg сайты аркылуу берген жардамдары тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат. Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар. Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду. Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков Нарында 850 үй-бүлө, Ысык-Көлдө 40, Чүй областы боюнча 40 үй-бүлөгө ун, макарон, суюк май таратты, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жадам берүү жагын пландап жатат. Дагы бир мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суюк май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду. Жардамдарды фракция лидерлери дагы берип жатат. 120 депутаттын ичинен колунан келгени унчукпай эле жардам берип атат, келбегени кур дегенде бир айлык маянасын которду. Эсиңиздерде болсо, өткөн ай соңунда 4 миллион сомго жакын маяна фондго которулган.

Азыр ар түрдүү ушак айыңдардын, кайым айтышуулардын, маалыматтык манипуляциялардын маалы эмес. Келиңиздер, COVID-19 тумоосуна байланыштуу кыйынчылыктарды ынтымак менен жеңели!