“KAZ Minerals Bozymchak” – Ала-Бука районундагы “Бозымчак” жез кенин иштетип келе жатат. Компаниянын жетекчилиги пандемияга байланыштуу оор кырдаалда кыргыз элине жардам колун сунуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин атына ачылган атайын эсепке бүгүн 5 миллион сом которду.

“Кыргызстандын бардык жарандары үчүн учурда түзүлгөн оор кырдаалда көрүлүп жаткан иш-чараларды колдоого алышыбыз зарыл. Бул ар бирибиздин милдетибиз. Бул аракетибиз менен кыйынчылыкка учураган адамдарга колдоо көрсөткүбүз келди”- деп айтышты компаниядан.

“Бозымчак” тоо-кен комбинатында да учурда санитардык жана карантиндик эрежелер катуу сакталууда. Иш ордуларын, имараттарды, техникаларды атайын график менен дезинфекциядан өткөрүшүүдө. Ал эми борбордук офистеги кызматкерлер аралыктан иштөө тартибине өтүшкөн.