"Валюта рыногунда туруктуу жагдай байкалган: алмашуу курсу жыл ичинде 0,3 пайызга төмөндөп, 69,64 сомду түзгөн. Таза сатуу (интервенция) 143,45 млн долларын түзгөн", - деди ал.

Ошондой эле Абдыгуловдун айтымында, былтыр Кыргызстандын алтын валюта резервдери 268,6 млн долларга көбөйгөн.

"Былтыр эл аралык резервдеринин көлөмү 268,6 млн долларга же 12,5%га көбөйүү менен 2019-жылдын 31-декабрына карата 2 млрд 424,1 млн долларды түздү", - деди ал.

Булак: Кабар