Селектордук кеңешмеде Баткен облусунун аймагында “2018-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү” жана  2018-2019-жылдар үчүн кылкандуу дан эгиндерин эгүүгө даярдык жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев маалымат жасап, жерлерди транформациялоо боюнча дагы токтолуп, айрым жерлерди “сугат,  суулуу  жерлер”  категориясынан  “бак-дарактар”  категориясына  өткөрүүнү сунуш этти.

 

- Баткен облусунда 66 миң 462 гектар аянтка эгин айдалып, айыл чарба эгиндерин  оруп-жыйноо аяктоо алдында турат. Мунун 24260 гектарына жаздык-күздүк эгиндер эгилген эле. 100 пайыз оруп-жыйноо иштери аяктап, гектарына 18,5 центнерден буудай, арпа оруп-жыйналды,- деди Абиш Халмурзаев. - 2018-жылдын башында Баткен облусу Кыргызстан элине жана Баткен облусунун калкына “Айылда жашап, базардан жашылча сатып алган уят!” –деген ураан астында кайрылуу жасаган. Мунун аркасында ушул тапта  азык-түлүккө болгон баалар өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 пайызга арзандады.

 

Ошентип, быйыл өткөн 8 айдын ичинде кошумча дагы 59 гектар тамчылатып сугарылды. 0,95 га жерге 4 күнөскана курулду. 680 чарчы метр жерге 6 муздатып сактоочу жай тикеленди. 0,25 га аянтка 3 мал союучу жай жана АБР долбоорунун негизинде 1 айыл чарба жана оор жүк ташуучу техникаларды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча ресурстук борбор ачылды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз