Лейлек районунун чекарада жайланышкан Бешкент кыштагында сүт азыктарын өндүрүүчү кичи цех пайдаланууга тапшырылды. Анда сегиз түрдүү азыктар: нукура йогурт, сметана, кефир, май, чалап, айран  жана сыр даярдалат.

 

Кичи ишканада азырынча күн сайын 60 литр сүт азыктары өндүрүлөт. А өзү цехтин кубаттуулугу күнүнө 500 литрге дейре сүттү кайра иштетүүгө ылайыкташтырылган. Анда азырынча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кишилери гана эмгектенишет.

 

- Даяр продукцияларды адегенде жергиликтүү базарларга алып чыгып жатабыз. Жакында Тажикстандын Худжанд шаарына дагы байма-бай жөнөтүп турмакчыбыз, - деди Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Мусаев. – Анткени, биздин айыл өкмөтүбүз Кыргызстандын эң алыскы аймагында жайланышкан. Калкыбыз жалпысынан малчылык жана дыйканчылык менен жан багат. Ошол себептүү өндүргөн продукциябыздын 80 пайызы дагы дээрлик Тажикстанга гана эскпорттолот.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк Прогаммасы Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнө сүт азыктарын өндүрүүчү кичи цех үчүн миллион сом өлчөмүндөгү керектүү каражаттарды, эмеректерди жана атайын кийим-кечелерди сатып берди.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы