Акыркы кезде, “Жерүй” алтын кенин иштеткен инвестор “Альянс Алтын” компаниясынын дарегине алтын ылгоочу комбинаттын курулуш кечеңдетип жаткандыгы айтылып, көптөгөн дооматтар коюлуп келет. Бирок, мунун баары карандай калп экенин турмуш тастыктоодо.

 

 

Алсак, кечээ бизге Талас областындагы “Жерүй” кенин иштетүү максатында курулуп жаткан кен байытуучу комбинатын куруунун алкагында кубаттуулугу 6,9 МВт түзгөн Жылуулук борбору бүткөндүгү жөнүндө маалымат келди. Жылуулук борбору көмүр менен иштейт жана жумушчулар шаарчасын, курулуш индустриясын, анын ичинде ремонт жасаган мастерскойлорду, административдик-тиричилик комплексин жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылмакчы. Жылуулук борборун ата-мекендик “Asia Water Build” компаниясы куруп, тапшырды. Аталган компания бул ишке жергиликтүү жарандарды да тарткан. Дал ошондуктан, “Альянс Алтын” бул компания келечекте да кызматташууга чакырары айтылууда.

Жылуулук борборун долбоорлоо жана ишке ашыруу ишине компания 50 млн сомдун тегерегинде каражат жумшаган.  Аны курууда россиялык жабдуулар колдонулган.

 

Мындан бир аз мурда жумушчу комиссия Жылуулук борборун текшерген. Эми мамлекеттик комиссия аны текшерип, иштөөсүнө уруксат берүүгө тийиш. Буюрса, кийинки кышкы жылуулук борборунда Жумушчулар шаарчасы, административдик-тиричилик корпусу толугу менен жылуулук жана ысык суу менен камсыздалат.

 

Инвестордун ар кандай ушактарга карабастан, өз милдеттенмесин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатканына ыраазычылык айтуу керек.

 

 

Булак: "Майдан.kg" гезити