Президенти Сооронбай Жээнбеков “Бишкек шаарында 2017-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 15-мартында кабыл алынган.

Кредиттик макулдашууга жана грант жөнүндө макулдашууга Бишкек шаарындагы насостук станцияларды реконструкциялоого жана курууга кредит алуу максатында кол коюлган. Аталган  макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасына 7,2 млн АКШ доллары суммасында кредит жана 3,9 млн АКШ доллары суммасында грант берилет.

 

Аталган макулдашуулардын алкагында тармактык насосторду жыштык иштеткичи бар жана алыстан башкарылган жөндөлмө насосторго алмаштыруу менен насостук станцияларды реконструкциялоо (СКАД системасын модернизациялоо) жана Бишкек  шаарында (Аламүдүн суусу менен Чүй проспектисинин кесилишинде) жаңы насостук станцияны куруу үчүн инвестиция тартылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.