Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселе каралып жатканда, депутат Зиядин Жамалдинов акциясынын үлүшү толугу менен мамлекетке таандык Альфа Телеком» (“MegaCom”) компаниясынын келечегине кызыкты.

 

Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абулгазиев азыр эл арасында аны сатуу жана сатпоо тууралуу эки пикир бар экенин эске салып, ошондон сатуу менен сатпоонун пайдалуу жактарын иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул туурасында: «Айрым адистер «MegaCom» компаниясын сатпай эле, жаңыча уюштурулса кыйла пайдалуу болот деген пикирде. Алардын айтымында, эгер ал «Кыргызтелеком» менен бириктирилсе, «Акылдуу шаар», «Коопсуз шаар», «Электрондук өкмөт» сындуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз бул сунушту иликтеп көрүп, анан бир чечимге келебиз», – деди.

Булак: “Фабула”