Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы валюталык рыноктогу абал жана улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жүргүзүлүп жаткан акча-насыялык саясат жана банк секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелери боюнча айтып берди.

 Мындан тышкары, Улуттук банктын банк инфраструктурасын өнүктүрүү жана 2018-2020-жылга карата төлөө системасын өнүктүрүүнүн Негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча пландарга токтолду. Анын максаты Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм тейлөөлөрүн киргизүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Ошондой эле улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан иш-чаралары жөнүндө да маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасы Президенттин тапшырмасы менен банк секторуна банкоматтарды жана терминалдарды алып кирүүгө салык боюнча жеңилдиктерди берүүнүн алкагында коммерциялык банктар аймактарды жана алыскы айылдарды жетиштүү инфраструктура менен камсыз кылышаарын, өлкөнүн аймактарында банк секторун өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бурулаарын белгиледи.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын негизги соода-сатык өнөктөштөрүнүн түзүлүп жаткан экономикалык абалын эске алуу менен Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте өлкөнүн экономикасына болгон тышкы шоктордун таасир этүү каналдарын жана деңгээлин аныктоо керектигин айтты. Товарларды импорт жана экспорт кылган ишкерлерге жана экономикага болгон сырткы рыноктордогу мүмкүн болуучу терс таасирлерге карата биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

 

Ошондой эле Мамлекет башчысы инновациялык технологиялардын негизинде каржылык жана банк тейлөөлөрүн тез арада киргизүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө шарттарды түзүү жумуштарын активдештирүү, өзгөчө аймактарда каржылык жана төлөө тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын белгиледи.