Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков өрт кырсыгынан зыян тарткан “Берекет” базарынын соодагерлери менен жолугушту.

Анда кырсыктын тилсиз жоодон зыян тарткан сатуучулар өздөрүнүн сунуш-талаптарын билдиришти.

 

Жумабеков алар менен буга чейин да жолугушкан. Анда айтылган маселелер Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында талкууланарын билдирди.

 

Ошондой эле ал насыясы бар ишкерлердин алдын-ала берилген тизмеси колунда экенин, Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип мыйзам чегинде зарыл болгон иштер жүргүзүлөрүн айтты.