- Баткенде эң өтүмдүү Сүлүктү көмүрүнүн килосу 12 сомго чейин бааланып, а Самаркандектики 5 сомго көтөрүлгөн. Бирок, көмүрлөрдүн сатыктагы көлөмү абдан аз болгондуктан, кардарлардын баарын камсыз эткенге жарамсыз. Мындан улам керектөөчүлөр кымбат көмүрлөрдү деле сатып алууга аргасыз. Эми баалар жөнгө салынып, базарларда килосу 8 сом 50 тыйынга чейин гана сатылат. Мындан ашырып саткандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салынат, - деди Мамлекеттик монополияга каршы агенттигинин Баткен облусундагы бөлүм башчысы Эмил Мажитов.

 

Тилекке каршы, жергиликтүү тургундар бул бекитилген нарк дагыле кымбат болуп калгандыгын айтышууда. Себеби, кай бир үй-бүлөлөр көмүрдүн килосун 8 сомдон сатып алууга деле кудуретсиз.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити