Жеке ишкер тарабынан түптөлгөн ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, ЭАЕБдин талаптарына жооп бере турган гана сүт азыктарын чыгара баштады. Ишкана күн сайын 500 литр сүттү кайрадан иштетип, сүт, айран, каймак, быштак, йогурт өңдүү продукцияларды өндүрөт. Бул азык-түлүктөр аймактагы оорукананы, билим берүү мекемелерин жана жергиликтүү башка мекеме-ишканаларды камсыз кылууга багытталган. Ушул тапта сүт заводуна жергиликүү тургундар өздөрү өндүрүшкөн сүттөрүн байма-бай тапшырып жатышат.

 

Баса, кадамжайлык жеке ишкер Аким Кааров бул чакан заводду куруу үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрү фондунан 8,5 миллион сом жеңилдетилген насыя алган. 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.