23-ноябрь күнү Талас облусундагы “Жер-Үй” алтын кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушунун башталышына байланыштуу капсула салуу аземи болуп өттү.

 

Салтанаттуу иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чолпонбек Төрөкулов, Орусиянын Кыргыз жериндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, “Русская Платина” ишканасынын башкы директору Евгений Воробейчик, “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Михаил Шубин жана жергиликтүү тургундар, айылдык кеңештин депутаттары катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Рыскулов бүгүнкү күн жалпы мамлекет үчүн маанилүү экенин айтты.

 

Бүгүнкү иш-чара бир гана Талас облусу үчүн эмес, жалпы мамлекет үчүн маанилүү. Анткени “Жер-Үй” биздин кенч, алтындын запасы боюнча экинчи кен. “Жер-Үй” алтын кени иштеп баштаса, 1000 жумушчу оруну болот. Бул биздин Орусияда жүргөн жаштарыбыздын мекенине кайтып, үй-бүлөсүнүн жанында иштөөсүнө шарт түзөт. Эл бай болсо, өлкө да бай болот”,- деди Рыскулов.

 

Ал эми Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чолпонбек Төрөкулов “Жер-Үйдүн” пайдасын жалпы кыргыз эли көрөрүн билдирди.

 

Өлкө башчы, өкмөт башчыбыз баш болуп ушул күндү бир топ убакыттан бери күтүп келгенбиз. Эки күн мурда биз Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары менен келип, бардыгын кыдырып, көрүп чыгып, эч кандай кооптонуу жоктугуна ишендик. Буюрса, “Жер-Үйдүн” пайдасын бир гана Талас облусу эмес, жалпы кыргыз эли көрөт”, - деди Төрөкулов.

 

“Русская Платина” ишканасынын башкы директору жасалып жаткан иштердин жыйынтыгы 1,5 жылдан кийин болорун ишендирип өттү.

 

Биздин максат - ишибизди татыктуу аткаруу. Азыркы тапта калдык сактоочу жайды жана алтын өндүрүүчү фабриканы куруу үчүн тендер өткөрүп жатабыз. Тендерге кытайлык, казакстандык жана германиялык компаниялар катышып жатышат. Алардын ичинен эң мыктысы тандалат. Мен ишендирип кетет элем, 1,5 жылдан кийин ушул жерде чоң иш-чара өткөрөбүз. Ошондо жыйынтыгын көрөсүздөр”, - деди Воробейчик.

 

Айта кетсек, “Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы ачылып, 1980-жылдардын аягында курулушу башталган. Бирок союз таркап кетип каражаттын жоктугунан улам токтоп калган. Кийин бир канча чет элдик инвесторлор кенди иштетүү кызыкчылыгын көздөп, лицензия ээлери байма-бай алмашып турган. 2015-жылы "Русская платина" компаниясы “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болуп, Кыргыз өкмөтүнө 100 миллион доллар төлөп берген.

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж