Бул тууралуу Finprom сайты кабарлады. Ушул жылдын апрелиндеги жыйынтык боюнча Казакстанда жылдык инфляциянын көлөмү 7,5 пайызды түзгөн.


Сайттын иликтөөсү Улуттук экономика министрлигинин статистикасына таянат. Ага ылайык, 2015-жылдын октябрына чейин Казакстандагы инфляциянын жылдык деңгээли 4,4 пайызды түзүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп турган. Бирок 2015-жылдын августундагы девальвациядан кийин инфляция көрсөткүчү 9,4 пайызга чейин жогорулаган.

 

Finprom.kz сайтынын маалыматына караганда, Казакстан былтыркы инфляциянын деңгээли боюнча Беларустан (6,3 пайыз) дагы ашкан. Ал өлкө 2016-жылы кайрадан улуттук валютаны деноминация кылган.

 

Иликтөөдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчү Кыргызстан (3,8 пайыз) менен Арменияда (1,2 пайыз) экендиги айтылат.