Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында которулган акча 444,5 млн долларды түздү. Ал эми 2016-жылы мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн каражаттын көлөмү 291 млн. долларды түзгөн.


Бул жылы которуулар 2010-жылдан берки рекорддук ченге жеткен. Негизинен кыргызстандыктар жумуш издеп Россия, Казакстан, БАЭ, Германия, Түштүк Корея, АКШ жана башка өлкөлөргө кетишет.


Булак: Кабар