Өткөн жумада картошканын баасы Бишкекте 45 сомго, түштүктө 53 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми жаңы түшүм 120 сомдон жогору. Баа канчалык көтөрүлгөн сайын, бул азыктын даамы да ошончолук таттуу болууда, чиркин. “Экинчи нандын” баасы кескин жогорулап кетиши быйыл жаздын кеч келгендигинен улам жана кошуна Өзбекстанда анын баасы төрт эсе жогорулагандыгына да байланыштуу болууда. Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасындагы “Достук” чек ара бекетинде картошканын баасы акыркы бир айлыкта дээрлик эки эсеге кымбаттады. Тагыраагы 35-40 сомго чейин дүң баада сатылууда. Ал эми базарда 40-45 сомдон. Бул жакка картошканын басымдуу бөлүгү Чоң-Алай районунан келет. Ошондой эле картошка Өзбекстанга ушул “Достук” чек ара бекети аркылуу экспорттолот. Аталган чек ара бекетине Кыргызстандын бир канча облустарынан картошкаларды алып келип сатышат. Коңшу өлкөнүн бийлиги элге кызмат кылуу үчүн атайын көчмө дүкөндөрдү уюштуруп, анда элге картошканы салыштырмалуу арзаныраак сатышат. Бирок бул картошканын баасынын жогорулашын токтото албай жатканын айтышат адистер. Былтыркы жылы картошканын баасы 10-15 сомду гана түзгөн болчу. Демек, быйыл дыйкандар картошканы көп эгишери күтүлүүдө. Бирок күзүндө кайрадан эле 5-6 сомго түшүп кетпесе болду. Себеби кошуна мамлекеттер ар кандай шылтоо менен чек арадан өткөрбөй койгон адаты бар эмеспи.

 

Булак: “Майдан.kg гезити