Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечкенин россиялык басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда, Россиянын өкмөт башчысы Кыргызстандын карызын жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койгон.

 

Бул каражаттар Кыргызстанды өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү максатында жумшалмай болду. 2012-жылы Москва менен Бишкек жалпы суммасы 500 миллион долларга жеткен карызды жөнгө салуу боюнча келишимге кол койгон.

 

Ушул жылдын апрель айында Россия карызын кече турганын Каржы министри Адылбек Касымалиев кабарлаган.

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити