Кыргызстанда жол көйгөйү бир эле айдоочулар менен карапайым элдин эмес, мамлекеттин да чоң баш ооруусуна айлангандыгы түшүнүктүү. Бирок транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында 2018-жылдан баштап жолдордон акы алуу сунушун киргизүүдө. Министрликтин өкүлү Нурлан Каимбаевдин айтымында, акы алынуучу жолдор 2018-жылы 26 чакырым, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жетет. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган. “Жолдорго акы алуунун эки жолу каралууда. Биринчиси - жалпы пайдалануудагы жолдорду өткөрөт. Экинчиси, жаңы жол курулат. Ведомстволор аралык комиссия анын тарифин бекитип, баа саясатын аныктайт. Транспорт каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат, жаңы түрү чыгып жолго көбүрөөк күч келип жатат. Ага ылайык бюджеттен бөлүнгөн акчаны көбөйтүш керек, ага мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан каржылоонун альтернативдүү жолдорун издеп жатабыз. Эгер айрым аймактардагы жолдорго акы төлөнсө, андан түшкөн каражаттардын эсебинен башка жакты ремонттойбуз. Акы төлөнчү жолдорго Куакы-Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү жаңы салынчу альтернативдүү жолу кирет”,- дейт ал.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл