Жогорку Кеңештин көпчүлүк каолициясы  өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун угушту.

 

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, мамлекеттик бюджеттин 2016-жылдагы жалпы кирешеси 130, 6 миллиард сомду түздү, бул 2015-жылга салыштырмалуу киреше 1,8%га, же 2,3 миллиард сомго көбөйдү дегенди билдирет.

 

 «Аркы жылга караганда, өткөн жылы салык 11,8 миллиард сомго көп чогултулду. Чыгаша тууралуу айтсам, 2016-жылы 131,3 миллиард сомго жетти, бул 2015-жылга караганда 18,4 миллиард сомго, же 16,3%га  көп»- деди өкмөт башчы.

 

Белгилешинче, өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин чыгымдалып, социалдык тармакка жумшалган  сумма 53,5%ды, же 73,1 миллиард сомду түзгөн.