Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Джусупбековдун билдиришинче, максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында шаардык казынага 2016-жыл ичинде 12 миллион 280,8 миң сом түшкөн, ал эми бекитилген план 11 миллион 770 миң сом болчу. Киреше жагынан план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 510,8 миң сом акча каражаты көп түшкөн.

 

2016-жыл ичинде 10 жолу конкурс өткөрүлүп, конкурс аркылуу 81 жер участкасы ижарага берилген, анын жалпы жер аянты 37862,05 чарчы метрди түзөт. Жер участокторун ижарага берүүдөн 6 миллион 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 6 миллион сом болсо, план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага көп түшкөн.

 

Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке жактардан автоунаа каражаттарын коюу укугу үчүн алынуучу жыйымдардан 2 миллион 484,3 миң сом акча каражаты шаардык казынага түштү, белгиленген план боюнча 2 миллион 470 миң сом болсо, план 100,6 пайызга аткарылган.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан комитеттин алдындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо иштерине уруксат документтерин бергендиги үчүн акы төлөө кызматынан 1 миллион 614,1 миң сом шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план боюнча 1 миллион 600 миң сом болсо, план 100,9 пайызга аткарылган.

 

Өткөн жыл ичинде муниципалдык менчиктин карамагындагы жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүү боюнча 1 жолу конкурс өткөрүлүп, 8 жашоого ыңгайлашпаган имараттар жана курулуштар ижарага берилген, анын жалпы аянты 122,9 чарчы метрди түзөт. Мындан 1 миллион 397,6 миң сом шаардык казынага түштү. Белгиленген план 1 миллион 200 миң сом болсо, план 116,5 пайызга аткарылган же болбосо 197,6 миң сом шаардык казынага көп түшкөн.