Бүгүн, 9-июндагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды.
Жыйында баяндама жасаган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2025-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 98 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөнүн белгилеп: «Жыйынтыгында 21 млрд 419 млн сом өлчөмүндө калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 13 млрд 406 млн сом өндүрүлүп, калыбына келтирилген», – деди Алмазбек Акматов.
Талкуу маалында депутат Айсаракан Абдибаева аныкталган каражаттардын толук көлөмдө калыбына келтирилбей жатканынын себептерине кызыкты. Буга баяндамачы келтирилген маалыматтар учурдагы абалды чагылдырарын жана ай сайын жаңыланып турарын белгилеп, жыл соңуна чейин каражаттар калыбына келтирилери күтүлүп жатканын билдирди. «Эң ири финансылык мыйзам бузуулар Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында аныкталган. Мунун себептеринин бири – айрым курулуш объектилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлө элек», – деди Алмазбек Акматов.
Муну менен катар эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов аныкталган мыйзам бузууларга терең талдоо жүргүзүү керектигин белгилесе, депутаттар Илимбек Кубанычбеков жана Уланбек Жаанбаев мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүштү. «Отчетто 14 адам кызматынан бошотулганы көрсөтүлгөн. Бирок алардын көпчүлүгү катардагы адистер экен. Финансылык маселелерди көзөмөлдөгөн вице-мэрлер жана башка жетекчи кызмат адамдары дагы жоопкерчиликке тартылышы керек», – деди Уланбек Жаанбаев. Өз кезегинде Алмазбек Акматов жалпысынан 171 адамга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу сунушталганын маалымдады.
Депутат Камила Талиева Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү керектигине токтолду. Ошону менен бирге эл өкүлү «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна баа берүү керектигин айтты. Депутат Махабат Мавлянова өлкөдөгү социалдык мааниге ээ долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу тууралуу сөз кылып, финансылык мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында комитет Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.
Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган. Анын максаты камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана жарандардын корголушун күчөтүү. Мыйзам долбоору камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөөнү камсыз кылууга багытталган.