Финансы министри Руслан Сүйналиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Кыргызстан тарабынан Шанхай өнүктүрүү банкын ачуу сунушталып жатканын билдирди.
Айтымында, Кыргызстан ШКУга банктын кеңсеси Бишкекте жайгашуусун да сунуштаган.
“ШКУнун өнүктүрүү банкын Кыргызстандын борбору Бишкекте жайгашса деген сунушту да айтып жатабыз. Бул маселе азыр талкууланууда. Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жыйынында Кытайдын өкүлдөрү менен да маселени карап чыкканбыз”, - деди министр.